Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

НАТОнун жаңылыш соккусунан беш ооган күзөтчү курман болду


3-майда НАТОнун аба чабуулунан Ооганстандын түштүгүндө беш ооган күзөтчү курман болду. Газни провинциалдык полициясынын акиминин билдиришинче, алар төбөдөн бомба урулган кезде кан жолдо НАТОнун базасына ташылып бараткан жүктү күзөтүп баратышкан экен.

Газнидеги НАТОнун өкүлү сокку күзөтчүлөргө согушчандар кол салгандан улам урулганын билдирди. Полиция акими Зиравер Захид чатакка эрегишчилердин эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Ооганстанда азыр АКШ башындагы 130 миңдей эл аралык кол бар.

XS
SM
MD
LG