Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Ливиянын Батыш тоолорунда абал оорлоодо


Ливиянын лидери Муаммар Каддафиге ишенимдүү аскерлер козголоңчулардын Батыш тоолорундагы өңүттөрүнө чабуул койгону жатканы кабарланууда. Адаватчылардын өкүлүнүн Ройтерс агенттигине айтышынча, 2-майда шам ченде Зинтан шаарчасы кеминде он жолу “Град” ракетасынан аткыланган.

Маалыматтарга караганда, Туниске чектеш Батыш тоолорундагы бербер калктуу шаарлар көтөрүлүшчүлөргө кошулгандан тарта өкмөттүк күчтөр тарабынан тынбай аткыланууда.

Качкындардын сөзүнчө камоодогу аймакта элдин абалы өтө оор.
Эрегишчилердин өкүлү Жер Ортолук деңизинин боюндагы Мисрата шаардык аэропортунун жанында дүйшөмбү күнү катуу салгылашуу болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG