Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Килюнен: Июнь окуялары аскердик кылмыш же геноцид эмес


Түштүктөгү былтыркы окуялар боюнча корутундусун жарыялаган эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнен июнь коогалаңы аскердик кылмыш же геноцид эмес деп билдирди. Бирок айрым жагдайларды адамзатка каршы кылмыш деп баалоого болорун айтты. Эл аралык комиссия 700дөй интервьюну, документтерди окуп, миңден ашык сүрөттөрдү иликтеген экен. Килюнен этностор аралык кагылышка алып келген окуялар 7-апрелден кийин башталганын, анткени ошол убакта өлкөдө саясий боштук пайда болгонун, ушундан улам кээ бир өзбек тектүү лидерлер өзбек коомчулугун жандантып, чечим кабыл алууга аралаштырууга далалат жасаганын белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG