Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Беларус парламентарийлери Брюсселге чакырылбады


Брюсселде бүгүн Европа парламентинин “Чыгыш кызматташуусу” же Euronest долбоорунун биринчи жыйыны ачылат. Ага Армения, Азербайжан, Грузия, Молдова жана Украинанын парламентарийлери катышат. Брюсселдеги жыйынга Беларустан өкүлдөр чакырылган жок. Себеби президент Александр Лукашенко декабрдагы президенттик шайлоодон соңку нааразылык акциясын айоосуз басканга байланыштуу Евробиримдик беларус өкмөтүнө каршы санкция жарыялаган.

Жыйынга Европарламенттин төрагасы Ержи Бузек жана Биримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG