Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Он жыл издетип, 45 мүнөттө жок кылынды


“Ал-Кайида” лидеринин жашынган жерин аныктоо боюнча чалгын маалыматтары кантип чогултулган жана аны жок кылуу операциясы кандайча ишке ашкан?

АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасындагы чалгын комитетинин башчысы Майк Рожерстин айтымында, Усама бин Ладендин Пакистан борбору Исламабаддан алтымыш чакырымдай эле аралыктагы Абботабад деген шаарда, жашынган үч кабаттуу үйүндө жок кылынышына алып барган маалыматтын алгачкы учугу камактагыларды суракка алуу учурунда чыккан экен. Бирок ал маалыматтардын чын-бышыгына жетүү АКШнын чалгын мекмелеринин бириккен аракетинин натыйжасы болду:

- Үсүл-кесил, бир бүркүм гана маалыматтарды алып, алардын баарын бириктирип, андан кийин капканды тарта баштаган аналитиктердин, Борбордук чалгын кызматындагы жана Улуттук коопсуздук агенттигиндеги адамдардын иш-аракети эбегейсиз. Менимче, бул эгер жасай алса саналуу гана өлкөнүн колунан келе турган укмуштуу операция.

Алгач бин Ладендин курьеринин аты аталган

Ал эми маалыматтарды чогултуу террорчулук үчүн шектелип, АКШнын камагында отургандардын бири, Усама бин Ладендин эң ишенимдүү кат ташуучусу деген адамдын ысымын атагандан башталат экен.

Абу Ахмед ал-Кувейти издөө салынгандан бери изоляцияда жашап калган бин Ладендин маалыматын сыртка чыгарган жана кайра ага сырттан кабар алып келген эң ишенимдүү кишиси болгон.

Бул курьер өзүн 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардын артында турам деп жарыялаган Халид Шейх Мухаммедге жана ал кармалгандан кийин анын ордуна келген Фараж ал-Либиге жакын турган адам катары да эсептелген.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, алар бин Ладендин кат ташыгычынын чыныгы ысымын 2007-жылы эле билгени менен 2009-жылга чейин шейх Абу Ахмеддин Исламабаддан алыс эмес жерде турары чалгын кызматтарына анык болгон эмес. Ал эми 2010-жылдын августунан тарта гана алар Абботабаддагы үч кабатуу үйгө олуттуу көңүл бура башташкан.

Абботтабаддагы адаттан тыш үй

Бул үч кабаттуу үйдүн бийиктиги 4-6 метр келген дубал жана тикенек зым менен курчалышы, өйдөңкү балконунда дубалдын бийиктиги 2-2,5 метрге жетиши таң калычтуу көрүнгөн. Мындан сырткары таштандынын коргондон чыгарылбай өрттөлгөнү, үйдү көздөй телефон же интернет байланыштын жоктугу да кошумча шек саноолорду жараткан.

Америкалык расмий өкүлдөр белгилегендей, эки жылдан бери сары изине чөп салынып келинген курьердин коргон ичиндеги бул үйдө абдан ишенимдүү жашаганынын анык болушу да ал жерде маанилүү обьект бардыгын каңкуулаган.

Усама бин Ладен жашынган үй операциядан кийин.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Бреннандын айтымында, алар "ал-Кайида" лидеринин шаар четиндеги үйү табылганга чейин бин Ладен тоо арасындагы үңкүрлөрдө эмес, башка жерлерде эле жашырынып жүрүшү мүмкүн деген вариантты да карашкан, бирок Пакистан чоң мамлекет. Ал эми өз ара байланышкан маалыматтардын изи акыр-аягында бин Ладендин жашынган үйүнө алып келди:

- Биз ошол курьерлер, бин Ладенге ортомчулук кылган жеке адамдар тууралуу алган жалпы маалыматтардын натыйжасында убакыт өткөндөн кийин биз кошумча маалыматтарды топтоштура алдык, андан кийин барып курьердин каймана атын, чыныгы атын билдик, Абботабаддагы курулушту тапканга дейре анын изине түштүк.

Ал эми ЦРУнун расмий өкүлдөрүнүн айтымында, 2010-жылдын сентябрь айынын орто ченине барып, аларда үч кабаттуу курулуштун ичинде бин Ладендин жашырынып жатышы толук мүмкүн деген ишеним пайда болгон. Алардын ырастоосунда, бул имарат атайын бин Ладенди жашыруу үчүн 2005-жылы курулгандай.

Бин Ладендин дайыны 4 ай мурда белгилүү болгон

Дагы бир нече айга созулган чалгын иштери быйыл февралда чалгынчыларга жана Ак үйдүн кеңешчилерине балким бин Ладен чындап эле табылды деген ишеним тартуулаган. Мына ошол мезгилде чогулган маалыматтар жана анализ менен президент Барак Обама тааныштырылып, ал аракеттенүүгө уруксат берген.

Март айынын орто ченинен тарта Обама операцияны пландоо үчүн өзүнүн коопсуздук командасы менен жыйындарды өткөрө баштаган. Акыркы алты апта ичинде мындай жыйындардан бешөө өткөн.

Барак Обама жана анын коопсуздук командасы операциянын жүрүшүнөн маалымат алууда. Ак үй, Вашингтон, 1-Май, 2011-ж.
Жыйын катышуучулары башында ичинде 22 адам бар деп эсептелген курулушту бомбалоо керекпи же жокпу деген маселени талкуулашкан. Бирок АКШ президенти мындай ыкмага каршы чыгып, бин Ладендин өлүмү далилденүүсү керектигине жана кошумча чыгым мүмкүн болушунча аз болуусу керектигине басым жасаган.

Операцияны жүргүзүү АКШнын атайын күчтөрүнүн абада, деңизде, сууда да аракеттене алуучу бөлүгүнө (SEALS) тапшырылган.

Президент Барак Обама операциянын планын 19-апрелде жактырып, 29-апрелде ЦРУнун директору Леон Панеттага аны ишке ашырууга расмий буйрук берген. Операцияны жетектөөнү ЦРУнун директору өз мойнуна алып, бул мекеменин бир бөлмөсү командалык борборга айланып, операцияны иш ашыруучу топ менен түз байланыш орнотулган. Операция алгачкы 30-апрелге белгиленип, бирок аба ырайынын начардыгынан улам 1-майга которулган экен.

Америкалык атайын күчтөрдүн тобун бин Ладен жашынган имараттын короосуна алып келген тик учактын башы жерди карап, ал токтоп калган. Бирок акыр-аягында тик учактын ичиндеги топ эвакуацияланып, тик учактын өзү бомба салынып жардырылган.

Операциянын негизги бөлүгү башталган кезде 54 жаштагы бин Ладен каршылык көрсөтүүгө умтулган. Маалыматтарга караганда, атылган октордун бири анын сол көзүн тешип кеткен.

Операцияны жүргүзгөн топтун командачысы бин Ладен өлтүрүлгөнүн кабарлаганда, ЦРУнун кеңсесинде кол чабуулар жаңырган. Ак үйдө да Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Бреннандын айтымында, операциянын ар бир учуруна байкоо салып турушкан:

- Биз операциянын жүрүшүнө реалдуу убакыт режиминде (онлайн) анын башталышынан тартып, бута жок кылынып, анын калдыгы алынып чыкканга чейин байкоо сала алдык. Менимче бул кечээ ушул жерде чогулган адамдардын өмүрүндөгү эң кооптондурган учур болду.

Акырында америкалык атайын күчтөрдүн тобу бин Ладен жашынган үйдөн табууга мүмкүн болгон бардык далилдерди чогулткан, "ал-Кайида" лидеринин сөөгүн сүрөткө тарткан жана аларды кошумча келген тик учактар алып кеткен. АКШ он жылга жакын издеген адам 45 мүнөткө жетпеген убакыт ичинде жок кылынган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG