Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

"Барселона" Чемпиондор лигасынын финалында ойнойт


Кечээ Европанын Чемпиондор лигасынын алгачкы финалисти аныкталды. Испаниялык “Барселона” “Реал Мадрид” менен 1-1 эсебинде ойноп, биринчи матчты уткандыктан финалга чыкты. Анын атаандашы бүгүн германиялык “Шалке” менен англиялык “Манчестер Юнайтеддин” беттешүүсүнөн киийн белгилүү болмокчу. Биринчи оюнду англиялыктар 2-0 эсебинде жеңишкен.

Азиянын Чемпиондор лигасында Өзбекстандын “Буниядкор” командасы Араб Эмираттарынын “Ал Вахда” клубун 3-2 эсебинде жеңди. Өзбектер муну менен турнирдин эмки айлампасына чыгууга жакындашты.

XS
SM
MD
LG