Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Борборазиялык дыйкандар өнүмүн сыртка экспорттойт


Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы 20дан ашык дыйкан чарбаларынын өнөктөштүгү башталат. Бул долбоорду АКШ өкмөтү өз агенттиги ЮСАИД аркылуу колдоп жатат жана анын максаты Борбор Азиядагы дыйкандар өндүргөн органикалык айыл чарба өнүмүн (продукцияларын) сыртка сатууга жардам берүү болуп саналат.
6-майда Бишкектеги “Жаннат” мейманканасында аталган өлкөнүн өкүлдөрү чогулуп, экспорттоонун жол-жоболорун талкуулашат жана биргелешип иштөө боюнча план түзүшөт.
ЮСАИД соңку үч айдын аралыгында бул өнөктөштүктүн негизги мүчөлөрүнө өз өнүмүн сыртка сатуунун натыйжалуу жолдору жөнүндө сабак өттү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG