Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

ХАМАС жана ФАТХ чогуу өкмөт курганы турат


Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана ХАМАС кыймылынын лидери Халед Мешаал 4-майда өз ара ынтымак келишимине кол коюшат. Египеттин арачылыгы менен өткөн аптада жетишилген келишим - палестиндердин эки чоң тобу ортосундагы төрт жылдык ажырымды бүтөш керек.
Ага ылайык, бирдиктүү өкмөт түзүлүп, бир жыл ичинде шайлоо өткөрүлмөкчү.
Каирдеги кол койуу салтанатына БУУнун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны боюнча атайын координатору Роберт Серри катышат.
Аббас башындагы ФАТХ уюму Батыш Иордандагы Израил басып алган аймактарды башкарат. Газа тилкесиндеги бийлик ХАМАСтын колунда.
Эки топтун ажырымы 2007-жылы ХАМАС Газаны ээлеп алганда башталган.
ХАМАС Израилди мамлекет деп тааныгандан баш тартып келет. Бул кыймылды Израил жана АКШ "террорчу уюм" деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG