Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Каныбек Жороев үй камагына алынды


Бүгүн апрель окуялары боюнча соттук териштирүү уланды. Анда мурунку президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын аппарат жетекчиси Каныбек Жороевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү канааттандырылды. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, Жороевдин адвокаты анын оорусуна байланыштуу үй камагына чыгарууну өтүнүп кайрылган болчу. 2010-жылы 22-ноябрда сотко келбей койгондугу үчүн Жороевди үй камагынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагына камоо тууралуу чечим чыккан. Жороев бүгүнкү соттук териштирүүдө өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн жашырынып жүрүүгө аргасыз болгонун, сот аны күнөөлүү деп тапса жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 18-мартта жанданган. Анда мурдагы президент Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылууда. Алардын ичинен сегизи издөөдө жүрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG