Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Гилани жоопкерчиликти дүйнө менен бөлүштү


Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани Усмама бин Ладендин Исламабадга чукул жерде жашынып жүргөнүн дүйнө өлкөлөрүнүн, анын ичинде АКШнын чалгындоо кызматтарынын кемчилиги деп атады. Гилани мындай билдирүүнү 4-майда Париждеги сапары маалында жасады. Ал ошондой эле эл аралык коомчулукту терроризмге каршы согушта Пакистанга жардамдашууга чакырды:

- Терроризмге жана экстремизмге каршы согушта бизге бүтүн дүйнөнүн жардамы керек. Себеби, терроризм жана экстремизм Пакистанга эмес, регионго жана дүйнөгө таасир этүүдө.

Гилани билдирүүнү бин Ладен кантип беш жылдан бери өлкө борбору Исламабаддан 60 чакырымдай жайда билинбей жашап жүргөнү боюнча Пакистан-АКШ ортосунда араздашуу курчуп турган учурда жасады.

Француз бийликтери бин Ладендин Пакистанда жашынып жүргөнүн Пакистан жетекчилиги билбегенине ишенүү кыйын деп билдирди. Ооганстандын коргоо министрлигинин билдирүүсүндө да бин Ладендин Исламбадга чукул жайда бекинип жүргөнүн Пакистандын чалгындоо агенттиги билген болуш керек деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG