Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Президент Асад "Дераа шаары моюн сундурулат" деп ишенет


Сирия өкмөтү өлкө түштүгүндөгү Дераа шаарындагы аскердик иш-чара жакында аяктайт деп ишенет. Быйыл мартта Дераада башталган анти-өкмөттүк чыгуулар бүтүн өлкөгө жайылып кетти.

Атайын коопсуздук чарасы жакында аягына чыгаарын президент Башар Асад “ал-Ватан” гезитинде 4-майда басылган интервьюда айткан. Акыркы күндөрү коопсуздук кызматтары өлкө боюнча өкмөткө нааразы адамдарды камакка алган.

Сириянын чек арасына жакын жайгашкан Дераа 25-апрелден бери аскерлердин камалоосунда.

Ошондон бери шаарга электр кубатын берүү токтотулуп, телефон байланышы үзүлгөн. Маалыматтарга караганда, снайперлер көчөдө көрүнгөн адамдарды бутага алууда. Дераада акыркы 10 күндө 50гө жакын адам окко учканы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG