Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Бин Ладендин өлгөндөн кийинки сүрөттөрү коомчулукка көрсөтүлбөйт


Ак үй Усама бин Ладендин сөөгү тартылган сүрөттөрдү жарыялабайт. Мындай чечим кабыл алган президент Барак Обама сүрөттөрдүн жарыяланышы АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн деп эсептейт. Президенттин маегин ушул жекшембиде Си-Би-Эс каналы көрсөтмөкчү. Анын үзүндүлөрүн Ак үйдүн маалымат катчысы Жэй Кэрни окуп берди:

- Ал сүрөттөрдө бетинен, же тагыраак айтканда башынан жараат алган адам тартылган. Аларды чыгаруу биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга төп келбейт. Президент өлкө ичиндеги жана сыртында жүргөн америкалык жарандардын коопсуздугун коргоого артыкчылык берет. Усама бин Ладендин кмидигин тактоо үчүн сүрөттөрдү шардана кылуунун кажети жок. Президент аларды жарыялоонун башка жүйөсү жок деп эсептейт.

Обама сүрөттөр кеңири коомчулукка көрсөтүлөсө, бул – зомбулукка алып келип же үгүттүн куралына айланышы ыктымал деди.

Ал эми АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер Сенаттын укук жана юридикалык маселелер комитетинде сүйлөп, бин Ладендин колго түшүү түрү жок болчу деп, аны тындым кылуу улуттук коопсуздукту коргоо чарасы катары бааланарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG