Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

БУУ Сирия өкмөтүн кан төгүүнү токтотууга чакырды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириянын президенти Башар Ассадды оппозициялык демонстранттарга каршы күч колдонууну токтотууга чакырды. Баш катчы Ассадга телефон чалып, кагылышуулардан өзгөчө жапа чеккен шаарларга гуманитардык топторду койо берүүгө жана адам өлүмдөрүн териштирүү үчүн БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши менен кызматташууга үндөдү.

Марттын ортосунан бери уланып келаткан нааразылык акцияларында жүздөгөн киши каза тапты. Ал аралыкта Сирия президенти “ал-Ватан” гезитинде жарык көргөн интервьюда аскерий операциялар жакын арада соңуна чыгаарын айтты. Активисттердин ырастоосунда, кечээ танкалар Хомс шаарына карай тартыла баштады. Алдыңкы күнү ал жерде өкмөткө каршы акциялар болгон.

XS
SM
MD
LG