Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Бишкекте Өмүракуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө


Ушул сааттарда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында “Замандаш” партиясынын лидери Мухтар Өмүракуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

“Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, маркумду узатуу үчүн Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, санаалаштары, партиялаштары, саясатчылар келишкен. Өкмөттөн өкүлдөр келет деп күтүлүүдө.

Мухтарбек Өмүракунов 1-майда Кубада деңиз жээгинде эс алып жүргөн учурунда набыт болгон. Өмүракунов 46 жашта болчу.

“Азаттыктын” жамааты Мухтарбек Өмүракуновдун жакындарына көңүл айтат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG