Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

"МЮ" менен "Барселона" - финалда


4-майда Англияда жергиликтүү "Манчестер Юнайтед" Германиянын "Шалке-04" командасын 4 -1 эсебинде утуп, Европа чемпиондор лигасынын финалына чыкты. Бир апта мурда Германияда беттешкенде да манчестерликтер 2 - 0 менен жеңип алган эле.

Испаниянын "Барселона" командасы 3-майда өз майданында түбөлүк атаандашы - Мадриддин "Реалы" менен 1 -1 эсебинде тең чыкты. Бир жума мурда Мадриддеги кармашта "Барселона" 2 - 0 менен уткан. Ошентип эки жыл мурдагыдай эле Европа финалында "МЮ" менен "Барселона" таймашат.

Беттешүү 28-майда Лондондун айтылуу "Уэмбли" стадионунун көк майсаңында өтөт.

XS
SM
MD
LG