Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Кореяда айрым кыргыз мигранттар депортацияланышы ыктымал


Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин билдиришинче, Корея Республикасынын "Чет өлкөлүктөрдү жалдоо тууралуу" мыйзамына ылайык, ал жакта эмгектенип жаткан кыргызстандык мигранттардын алгачкы тобунун эмгек визасынын мөөнөтү аяктады. Биринчи топ мамлекеттик программа менен Кореяга иштегени 2008-жылы кеткен. Эгер алар Кореядан чыгып кетпесе өлкөдөн зордоп чыгарылат жана айып пул салынат. Ошондой эле аталган өлкөгө 5 жыл бою кирүү укугунан ажыратылат. Мындан тышкары мурда баргандар белгиленген убакта кайтпай жүрүп алышса, Кыргызстандан кийинки топко орун бошобой калуу коркунучу бар.

Кореяда бейрасмий маалыматка ылайык, 3 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар жана алардын теңинен көбү мыйзамсыз жүрүшөт. (MTo)

XS
SM
MD
LG