Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

"Түндүк агымдын" биринчи боросу даяр


Орусиядан Германияга Балтика деңизинин түбү аркылуу газ жеткизчү “Түндүк агымынын” биринчи боросу курулуп бүттү.

“Түндүк агымы” газ жолу Чыгыш Европа өлкөлөрүн айланып өтөт. 1244 чакырымдык боро менен жыл соңунан тарта газ ташыла баштаары 5-майда жарыя кылынды.

Долбоорду ишке ашырган эл аралык консорциумдун маалымдашынча, 2012-жылы “Түндүк агымынын” экинчи боросу бүткөндө, Орусия Батыш Европага жылына 55 миллиард куб метр газ сата баштайт.

Тең орток консорциумга Орусиянын “Газпрому”, Германиянын BASF жана E.ON, Нидерландиянын Nederlandse Gasunie жана Франциянын GDP Suez компаниялары кирет.

XS
SM
MD
LG