Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Пакистан өз чалгындоо кызматын коргоого алды


Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин биийик даражалуу өкүлү өлкөнүн чалгындоо агенттиги, кыскача Айесай (ISI) “ал-Кайида” менен байланышта деген айыптоолорду четке какты. Салман Баширдин билдиришинче, агенттик АКШнын чалгындоо кызматы - ЦРУ менен бөлүшкөн маалыматтар бин Ладенди табууга мүмкүндүк берген:

- Айесайдын адамдары же өкмөт Усама бин Ладенди далдалап жүргөн деген кеп бүтүндөй калп. Иш жүзүндө, атүгүл АКШ өкмөтү мойнуна алгандай, Айесай ЦРУ менен бөлүшкөн маалыматтар береги жашыруун жайды аныктоого өбөлгө болгон.

Усама бин Ладен 1-майда Пакистандын байтакты Исламабаддан 60 чакырымдай аралыктагы шаардагы үйүндө АКШлык атайын күчтөрдүн операциясы кезинде атып өлтүрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG