Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Ливия козголоңчулары акчага муктаж


Курчоодо турган Мисурата шаарынын көчөлөрүнөн бир көрүнүш.
Курчоодо турган Мисурата шаарынын көчөлөрүнөн бир көрүнүш.

Ливия боюнча 5-майда Римде өткөн эл аралык жыйындын катышуучулары Муаммар Каддафинин режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга каражат жагынан жардам берүү үчүн атайын кор түзүүнү макулдашты. Бул корго каражат түшүрүүнүн бир нече жолдору караштырылууда. Ливиянын өзүндө болсо уруштар уланып жатат.

Ливия боюнча байланыш топтун Римдеги жыйынына НАТОго мүчө АКШ, Британия, Франция, Италия жана башка жыйырмадай өлкөнүн тышкы иштер министрлери, алты эл аралык уюмдун, анын ичинде Араб лигасынын жана Африка биримдигинин өкүлдөрү катышты.

Жыйында ливиялык козголоңчулар уюштурган Улуттук өткөөл кеңештин мүчөлөрү да болушту.

Конок ээси - Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттининин айтымында, “ливиялык козголоңчулар үчүн утурумдук каржы механизмин түзүү – акча оппозицияга “ачык-айкын жана коромжусуз өткөрүлүшүнө” жол ачат.

Четте тоңдурулган акча 60 миллиард долларга жетет

Бул чечимди жыйында тең төрагалык кылган Катардын премьер-министри Шейх Хамад бин Жассим бин Жабр Ал-Тхани да колдоду:

- Сиздер билгендей, ливиялыктардын четте тоңдурулган корлору көп. Бул акчалар адамдардын муктаждыгы үчүн насыя иретине колдонула алат. Менимче бизде акча жагынан тартыштык жок. Бизде анын бөлүштүрүүнүн механизми жок болгон, биз азыр механизмдерди макулдаштык. Бул абдан маанилүү.

Римдеги жыйындын катышуучулары. 5-май, 2011-ж.
Эл аралык коомчулук садага же насыя катары берүүчү каражаттан тышкары козголоңчуларды каржылоочу корго акча Ливиянын чет өлкөлөрдө тоңдурулган мамлекеттик активдеринен да алынмакчы.

АКШ менен Евробиримдиктин аймагында тоңдурулган эсептердеги каражаттардын көлөмү 60 миллиард долларга жетет деп болжолдонууда.

Ал тоңдурулган эсептерди кайра бошотуу же козголоңчуларга Улуттар уюмунун эл аралык базарда ливиялык мунайды сатууга тыюу салган резолюциясын буйтап өтүүсүнө мүмкүндүк берүү боюнча аракеттер буга чейин токтоп турган.

Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини моюнга алгандай, "тоңдурулган активдерди бошотуу өтө олуттуу көйгөй", Рим жана Париж Европа биримдигин муну чечүүнүн жолдорун табууга чакырган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтон өз тарабынан Ливиянын Америкада камакка алынган активдеринин бир бөлүгүн бошотуу үчүн тиешелүү мыйзамды өзгөртүүгө үмүттөнүп жатканын белгиледи.

Клинтон айым кошумчалагандай, Вашингтон ошондой эле оппозиция өзү көзөмөлдөгөн аймактардан мунай сатуусуна көмөк көрсөтүү үстүндө иштеп жатат.

Козголоңчулар 2 миллиард долларга муктаж

Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппенин айтымында, жаңы түзүлүүчү кор бир нече апта ичинде ишке киришип калуусу мүмкүн. Франция азыр ага канча салым кошорун караштырууда.

Бирок Британия, өлкөнүн тышкы иштер министри Уильям Хейг эл аралык коомчулукту Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын демократия үчүн көтөрүлгөн кыймылдарына каржылык колдоону күчөтүүгө чакырганы менен, ливиялык козголоңчулар үчүн түзүлүүчү жаңы корго акча салуу планы жоктугун, буга чейин эле сезилерлик гуманитардык жардам көрсөткөнүн айтууда.

Козголоңчулардын өкүлү Махмуд Шаммамдын Римдеги жыйында билдиргенине караганда, алар чукулунан кеминде 2 миллиард долларга муктаж.

Азыр козголоңчуларда тамак-ашка, дары-дармекке, айлык акыга ушул айдын аягына чейин гана жете турган каражат бар.

Ливия боюнча Эл аралык байланыш тобу ушуну менен экинчи ирет жыйналды. Буга чейинки алгачкы жыйын өткөн айда Катарда болгон. Азыркы кеңешме НАТОнун абадан жүргүзүп жаткан операциясы башталганына жети апта болгонуна карабай, Мисурата шаарынын айланасында айгышкан уруштар уланып жаткан учурда өттү.

НАТОнун жарандарды коргоону көздөйт деген аба соккулары Каддафинин күчтөрүнө козголоңчуларга чабуул жасоосун токтото алган жок.

Курчоодогу Мисурата шаарында жана Батыштагы толуу аймактарда гуманитардык кырдаал курчуганы кабарланууда.

Эл аралык миграция уюму кеме жалдап, мигранттарды, жергиликтүү тургундарды, анын ичинде жаракат алгандарды, жалпысынан 800дөй кишини кечээ козголоңчулардын колундагы башкы шаар – Бенгазинин жээгине токтоду.

Мисуратадан кеме менен качкандар. 5-май, 2011-ж.
Качып келгендердин бири "Рейтер" агенттигинин кабарчысына буларды айтты:

- Каддафинин күчтөрү Мисуратанын портун артиллериядан аябай аткылап жаткан учурда менин үй-бүлөм жана дагы бир нече жүз адамдын аман-эсен чыгышы жомоктой эле көрүнөт.

Мисурата - Ливиянын Батыш бөлүгүндөгү ири шаарлардын козголоңчулардын колунда турган жалгызы. Козголоңчулар негизинен өлкөнүн чыгышын, деңиз жээгиндеги Бенгазинин айланасын көзөмөлдөөдө. Каддафинин колунда болсо Батыштын басымдуу бөлүгү турат.

Туңгуюк уланууда, чыдам түгөнүүдө

Римдеги жыйын алдында НАТОго мүчө өлкөлөрдүн айрымдары туңгуюк кырдаалдын уланышына чыдамы түгөнүп бара жатканын ишара кылгандай болду.

Аба соккуларына катышпай четте турган Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле жаңжалды саясий жол менен жөнгө салуунун маанилүүлүгүнө басым жасап, аскерий кийлигишүүнүн чеги көрүнүп калганын айтты.

Аскерий кийлигишүү мүмкүн болушунча тез бүтүүсү керектигин француз тышкы иштер министри Ален Жюппе да билдирген. Ал жаңжал эми бир нече айга эмес, бир нече аптага эле созулат деп үмүттөнөт экен.

Ливияга Евробиримдиктен эң жакынкы коңшу - Италиянын мыйзамгерлери болсо өз өкмөтүн өнөктөштөр менен аба соккуларды аяктоонун мөөнөтүн аныктоо үстүндө иштөөгө чакырып, жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгөрүүнүн аргасын издөөнү талап кылды.

Бирок козголоңчулардын башкы талабы – Каддафинин бийликтен кетүүсү орундалмайынча жылыш болчудай эмес. Козголоңчулардын ырастоосунда, уруш башталгандан бери он миңдей адамдын өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG