Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Б.Обама 11-сентябрда террордук чабуул болгон жерге барды


АКШ президенти Барак Обама кечээ Нью-Йоркто 11-сентябр теракттары болгон жерге зыярат жасады. Президент мурда Дүйнөлүк соода борборунун имараттары турган жайга гүл чамбар коюп, курман болгондордун жакындары менен жолугушту. "Террорчулардын колунан каза тапкандарды биз эч качан унутпайбыз", - деди Обама.

Анын алдында мамлекет башчы 2001-жылдын 11-сентябрында 15 кызматкерин жоготкон өрт өчүргүчтөр бөлүгүндө болду. Жекшембиде 11-сентябр кол салууларын уюштурган адам - "ал-Кайиданын" лидери Усама бин Ладен жок кылынган.

10 жыл илгери болгон теракттардан Нью-Йорк, Вашингтон жана Пенсилванияда 3 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG