Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:51

Укук коргоочулар кыйноолор уланып жатканын белгилешүүдө


Бул тууралуу укук коргоочулар жана жарандык коомдук өкүлдөрү 5-майда өлкө башчысы Роза Отунбаева менен жолугушкан учурда билдиришти. Жолугушууда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин камсыздалышы жаатындагы абал тууралуу пикир алмашуу болду. Укук коргоочулар июнь окуялары боюнча тергөөдө жүргөн адамдарга айрым тартип коргоо кызматкерлери жасаган мыйзамсыз иш-аракеттерин, тергөөнүн мыйзамсыз жүргүзүлүп жана кылмышты мойнуна алдыруу максатында кыйноолор колдонулуп жаткандыгын белгилешти.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусуна токтолгон укук коргоочулар, отчетто айрым окуяларга байланыштуу так эмес маалыматтар да келтирилгендигин, иликтөөнүн объективдүүлүгүн камсыздоо үчүн маанилүү болгон учурлар көз жаздымда калып калгандыгын айтышкан.

Өз кезегинде президент Отунбаева комиссиянын корутундусу кыргыз жергесинде ынтымак менен бейпилдиктин орношуна кызмат кыла тургандыгына үмүт артаарын билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Укук коргоочулар адам укугун коргоо жана кырдаалды турукташтыруу багытында бир катар сунуштарын айтышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG