Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Ташанов: Ошто кырдаал туруктуу


Ош шаары, 8-март, 2011-жыл
Ош шаары, 8-март, 2011-жыл

Ош шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Буга байланыштуу Оштон серепчи Руслан Ташанов “Азаттыкка” маек куруп, тартип коргоо кызматкерлеринин көчөлөрдө арбын жүрүшү элдин бийликке болгон ишенимин жаратууда дейт.

- Ошто коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Буга байланыштуу токтомго шаар мэри Мелис Мырзакматов кол койгон. Учурда шаарда кырдаал кандай?

- Жалпы жонунан караганда кырдаалды туруктуу деп айтсак болот. Элдин бири-бири менен соода алака мамилелери калыбына келип жатат. Жабыр тарткан кафе, дүкөндөр калыбына келтирилип, ар түрдүү улуттун өкүлдөрү биргеликте соода кылып жаткандары байкалат. Бул канааттандырарлык жагдай деп айтсак болот.

Ага карабай УКМК жетекчиси Дүйшөбаевдин Ооганстан, Пакистан легерлеринде 200-400 жаран машыгып, даярдыктан өтүп атат деген маалыматы калкты кооптондурууда. Ошондой эле “Чөөлөрдүн сааты” деген китептин чыгышы ишенимди калыбына келтирүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

- Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери күчөтүлгөн режимде иштеп аткан экен. Көчөдө алардын саны көп байкалып атабы?

- Ооба, алардын иши күчөтүлгөн режимге өткөндүгү байкалып турат. Бул калк ичинде жагымдуу жагдайды жаратууда. Себеби мамлекетке ишеним жогорулайт.

- Мындай көрүнүштөр элди ого бетер дүрбөлөңгө салып, тынчсыздандырып жаткан жокпу? Анткени бир нерсе болуп кетет экен деп эл коркушу мүмкүн да...

- Жок, андай тынчсызданууну жараткан жок. Себеби ага чейин эле "июнь коогалаңына бир жыл болгону калды, ушуга байланыштуу экстремисттик чагымчыл күчтөрдүн аракети күчөшү мүмкүн" деген сөздөр болуп келген. Тартип коргоочулардын күчөтүлгөн режимде өз кызматын аткаруусу кандайдыр бир деңгээлде ишенимди жогорулатат.

- Буга чейин бир топ жараштыруу жараяндары жүрдү эле. Өзүңүз белгилегендей июнь коогалаңына бир жыл болуп атат, ар кандай ушактар айтылып атат. Мисалы сиз көчөдө саат канчага чейин жүрө аласыз?

- Азыр дагы деле болсо бир улуттун өкүлдөрү жашаган жерде экинчи улуттун өкүлдөрү кечки саат 8-9дан кийин жүргөндөн кооптонушат. Бул сезим дагы деле бар.

Ал эми ар түрдүү улуттун өкүлдөрү жашаган райондордо кенен-кесири эле басып калышты. Толугу менен ишеним келе элек деп айтсак жаңылышпайбыз.

- Ошто эл менен сүйлөшөп жүрөсүз. Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусу тууралуу эл арасында кандай кеп-сөз болуп атат, кандай кабыл алышууда?

- Жалпы жонунан алып караганда эл аралык корутундусуна нааразычылыктар бар десек жаңылышпайбыз. Себеби түздөн түз күнөөкөрлөр, ошону уюштуруучулар жөнүндө эч кандай маалымат айтылбай калыптыр, бир гана кыргыз бийлиги тууралуу айтылып, бир гана улуттун укугун коргоого көбүрөөк басым жасалган деген нааразычылыктар бар.

- Ишеним толук калыбына келе элек деп айтып атасыз. Эми мурдагы кырдаалды кантип кайтарышыбыз керек, ага кантип келишибиз керек, кандай сунушуңуз бар?


- Биринчи кезекте ММКда улуттар аралык мамилелерди, фактыларды чагылдырууда өтө кылдааттык керек. Ушул маселелерди чагылдырууда кээ бир учурда кандайдыр бир этиканы сактабай коюп нааразылыкты жаратууда.

Андан сырткары мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар улут аралык мамилелер боюнча сүйлөгөндө этиканы сактаса. Айрым учурда башка улуттарды кемсинтип айткан сөздөрүн угуп калабыз. Улуттук азчылыктын өкүлдөрү бизге кайрылып, ушундай сөздөрдү ооруксунуу менен кабыл алып атканын, ишенимди калыбына келтирүүгө терс таасирин тийгизүүдө деп айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG