Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Беларус: мурдагы талапкерлердин үстүнөн сот иши башталды


Беларуста президентикке экс-талапкерлер Владимир Некляевдин жана Виталий Рымашевскийдин үстүнөн сот иши башталды.

Соттолуп жаткандарга президенттик шайлоодон кийин “массалык башаламандык уюштурган” деген айып менен иш козголгон.

Беларуста белгилүү оппозициялык лидерлердин үстүнөн сот иши 5-май күнү башталды. 2010-жылдын декабрь айында президент Александр Лукашенконун кайра шайлоого барып, анын жыйынтыгында Минскиде катуу кагылыштар болгон.

Владимир Некляев
Владимир Некляев жана Виталий Рымашевский 19-декабрда өткөн президентик шайлоодо бийликтеги Лукашенкого атаандаш болушкан, эгер алардын күнөөлөрү далилденсе, ар бири үч жылга кесилиши мүмкүн.

Сот жараянына катышкандардын саны ушунчалык көп болгондуктан кээ бирөөлөргө сот өтүп жаткан бөлмөдө орун табылган жок.

Сот угууларына келгендердин арасында Литванын жана Польшанын элчилери, АКШнын Беларустагы дипломатиялык миссиясынын башчысы Майкл Скенлэн бар.

Оппозициялык “Акыйкат дүйнө” партиясынын лидери Сергей Калякин да сотко келип, айыпталуучуларды колдоого алды.

“Бүгүн жана буга чейинки сот иштерине келишимдин максаты – акыйкатсыз соттолуп жаткандарга тилектештигимди билдирүү. Бийлик менен алдын ала макулдашылбаган жыйынга чыккандарга кылмыш жазасы эмес, административдик айып гана берилиши керек”.

Декабрдагы кагылыштардан кийин 600 адам кармалган, ондогон киши жабыркаган. 19-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы алгачкы маалыматтарга таянып, президент Лукашенко жеңгенин жарыялаган соң оппозициянын миңдеген тарапкерлери көчөлөргө чыккан.

Адегенде алар Минскинин борбордук аянтына чогулуп, андан соң Өкмөт үйүн көздөй жөнөшүп, имаратка бир нече ирет жапырык салып киргенге аракеттенген. Аларды таркатканы милиция, ОМОН, ички аскерлердин бөлүктөрү тартылган.

Кагылышка катышкандар ырасташкандай, полиция, атайын күчтөр жана солдаттар адамдарды союлдар менен орой чокуга чаап, жыгылып калгандарды ур-тепкиге алып, таптакыр аяшкан эмес.

Беларустун белгилүү акыны, соттолуп жаткан 64 жаштагы Некляев да ур-тепкиге алынган. Аны эртеси ооруканада жаткан жеринен алып кетишкен. Камакта бир аз убакыт отурган соң ал үй камагына чыгарылган болчу.

Некляев, журналистерге кечээ интервью берип жатып, 19-декабрдагы толкундоолорду атайын чагымчылар уюштурганын айтты.

“Көпчүлүктүн ою боюнча, аянттагы окуялардын артында Лукашенко өзү турган. Бирок мен антип ойлобойм. Биз да даярданган эмеспиз. Мен түшүнгөндөй, ал кагылышуулар же мага же Лукашенкого кереги жок болчу. Баары башталганда “бул окуялар эмнеге болуп жатат” деп таң калгам. Себеби мындай болбош керек эле. Бул тууралуу камакта отуруп да ойлондум. Бул окуяларга үчүнчү күчтөрдүн катыштыгы бар. Алар кимдер? Бизди соттогондон көрө ушул суроого жооп изделиш керек”.

Экинчи лидер Рымашевский камактан чет өлкөгө чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.

Эки оппозиционерге “массалык башаламандык уюштурган” деген айып менен иш козголгон. Мындай айыпка жыгылгандар Беларуста он беш жыл түрмөгө кесилет.

Беларуста шайлоодо президентке атаандаш болгон тогуз талапкерден жетөө кармалган эле. Бир талапкер чет өлкөгө качып, Чехиядан саясий башпаанек алган.

Буга кошумча, камакта башка оппозиция лидерлери менен дагы бир экс-талапкер Андрей Санников да отурат. Расмий маалыматка ылайык, ал шайлоодо Лукашенкодон кийин экинчи орунда келген.

Санниковго 15 жыл суралууда. Анын жубайы, журналист Ирина Халип да декабрда камакка алынган. Ал азыр үй камагына которулуп, жолдошу Санников менен байланышууга укугу жок.

Буга чейин оппозициялык 7 лидер 2 жылдан 4 жылга чейин эркинен ажыратылды.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG