Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Грекиядагы финансылык кризис еврону алсыратты


Грекия евромейкиндиктен чыгышы мүмкүн деген кабардан улам евро 6-майда АКШ долларына салыштырмалуу 1 пайызга жакын арзандап кетти. Бирок грек жетекчилиги менен евромейкиндиктин башка мүчөлөрү Грекия Европа монетардык союзунан чыгат деген кабарды калпка чыгарышты.

Мындай кепке немистердин “Шпигель” журналынын 6-майда кечинде Люксембургда еврозонадагы килейген төрт өлкөнүн финансы министрлери Грекиядагы кризистик абалды талкуулайт деген кабар түрткү болду. Германия, Франция, Италия жана Испаниянын финансы министрлери катышкан жыйында Грекияда абалга катар эл аралык экономикалык проблемалар да талкууланганы ырасмий маалымдалды.

XS
SM
MD
LG