Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

Сирия козголушту күч менен басууда


Сириянын аскерлери 7-майга оогон түнү өлкө түштүгүндөгү Баниас шаарына үч багыттан басып кирди. Жер Ортолук деңизинин боюндагы шаар президент Башар Ассаддын бийлигине каршы козголуштун очогу болчу.

Адам укугун коргоочулардын маалымдашынча, танктар Баниаска кирген тушта калаанын түштүк бөлүгүнө электр берүү токтотулуп, байланыш кесип салынган.

Вашингтон жума күнү билдиргенге караганда, Сириянын коопсуздук күчтөрү реформачыл демонстранттарды өлтүрүүнү жана аларга каршы зобун-зордукту токтотпосо, АКШ эл аралык өнөктөштөрү менен бирге Сирияга каршы кошумча чара көрөт.

Ассаддын режимине каршы козголуш башталгандан бери күч органдары 580ден ашык адамды өлтүрүп, миңдеген демонстранттарды камакка алганын адам укугун коргоочулар айтышууда.

XS
SM
MD
LG