Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Таласта мөндүр аралаш жааган жаан айдоо талааларына зыян келтирди


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов кечээ Талас облусунун Манас районунда мөндүр аралаш жаан жаап, бир канча гектар айдоо аянттарын бүлгүнгө учуратканын “Азаттыкка” билдирди.

Ушул тапта аталган министрликтин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери бул табигый кырсыктын кесепеттеринен келген чыгымды тактап-аныктап жатат.

Кыргызстанда 5-майдан бери бир катар аймактарда маал-маалы менен нөшөрлөп жаан жаап жатат. Аба ырайын маалымдоочу борбор 10-майга дейре өлкөдө кээ бир аймактарда сел жүрүп, кыян капташы жана кар жаап, үшүк жүрүшү ыктымал экенин эскерткен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG