Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Каддафинин күчтөрү Мисратадагы терминалдарды талкалады


Ливиялык адаватчылардын айтышынча, Муаммар Каддафинин аскерлери камоодогу Мисрата шаарындагы күйүүчү май сакталчу жайлардын бир нечесин иштен чыгарды. Маалыматтарга караганда, терминалдардын иштен чыгуусу козголоңчуларда күйүүчү майдын тартыштыгын жаратышы мүмкүн.

Эрегишчилер “Италия бизди каруу жарак менен камсыздайт” деген билдирүүсүн жокко чыгарды жана эч бир өлкө аларга курал бербегенин билдирди.

Өткөн аптада Каддафиге каршы коалицияга кирген мамлекеттер адаватчыларга миллиондогон доллар аскерий эмес жардам берели деп макулдашкан.

Улуттар Уюму Ливиянын аба мейкиндигин учактар үчүн жабык деп жарыялаган. Ага ылайык, НАТОнун авиациясы каддафичилердин чабуулунан элди коргоо үчүн алардын аскерий объекттерине сокку уруп, козголоңчуларга колдоо көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG