Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:00

Иракта түрмөлөрдөгү тополоңдо 18 киши набыт болду


Өткөн түнү Багдаддын түрмөлөрүндөгү кагылышууда кеминде 18 киши өлдү. Алардын жетөө кароолдор. Ирактын коопсуздук кызматынын өкүлү, генерал Касым Мусавинин сөзүнчө, кагылышта өлгөндөрдүн арасында “Багдаддын эмири” катары белгилүү “ал-Кайиданын” лидери да бар. Ал 2010-жылы октябрда Багдаддагы тарса жамаатына кол салууну уюштурган деп саналат. Чабуулда 50 киши курман болгон.

Ырасмий маалыматка караганда, түнкү чатак абактагылардын бири күзөтчүгө кол салып, куралын тартып алмак болгондон кийин башталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG