Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр ушул жумада уланышы мүмкүн


Бул тууралуу “Ар-намыс” фракциясынын лидери Фелекс Куловдун кеңешчиси Курманбек Раматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев «Ар-намыстын» талаптарына жооп бере элек. Ал эми Атамабевдин кеңешчиси Фарид Ниязов кеңейтилген коалиция түзүү боюнча өкмөт башчы өзүнүн вариантын даярдаганын “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Эми бул маселелер боюнча сүйлөшүүлөр майрамдан кийин уланышы ыктымал.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 4-майда Коомдук телерадио корпорациясына курган маегинде Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ар-намыс” фракциясы жакында толугу менен коалициялык көпчүлүккө кириши ыктымал экенин билдирди. 20-апрелдин кечинде фракциянын лидери Феликс Кулов өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кеңири коалиция түзүүнүн жолдорун сунуштаган.

15-апрелде 10 “арнамысчы” депутат коалициялык көпчүлүккө кире турганын жарыялаган. “Ар-намыс” фракция жыйын куруп, бул кадамды мыйзамсыз жана акыл-эске сыйбайт деп баалаган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG