Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Таласта 230 гектар кант кызылча аянты мөндүрдөн жабыр тартты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 7-майда Талас облусунун Манас районунда мөндүр аралаш жаан жаап, бир канча гектар айдоо аянттарын бүлгүнгө учураткан. Министрликтин Таластагы башкармалыгы жана райондук жарандык коргоо комиссиясынын алдын ала тактоолору боюнча, Покровка жана Үч-Коргон айылдарында жалпысынан кант кызылчасы эгилген 230 гектар, төө буурчак айдалган 180 гектар аянт мөндүр аралаш жааган жаандан жабыр тарткан. Учурда анын чыгымдары такталууда.

Кыргызстанда 5-майдан бери бир катар аймактарда маал-маалы менен нөшөрлөп жаан жаап жатат. Аба ырайын маалымдоочу борбор 10-майга дейре өлкөдө кээ бир аймактарда сел жүрүп, кыян капташы жана кар жаап, үшүк жүрүшү ыктымал экенин эскерткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG