Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Пакистан өкмөт башчысы парламентке кайрылат


Пакистан премьер-министри Юсуф Реза Гилани Усама бин Ладен өлтүрүлгөндөн кийин биринчи жолу парламентте сүйлөйт. Жекшембиде Си-Би-Эс каналында көрсөтүлгөн интервьюсунда АКШ мамлекет башчысы Барак Обама "ал-Кайиданын" ана башы Пакистандын ичинде кайсы бир күчтөрдүн колдоосуна ээ болгон деген божомолун айткан эле:

- Бирок алар кимдер жана кандай колдоо көргөзүп келишкенин билбейбиз. Ал адамдар өкмөттүн ичинде же сыртында болгонбу, айта албайбыз. Муну жакшылап иликтеш керек. Бул иштин Пакистан өкмөтү тарабынан териштирилиши абдан маанилүү болмокчу.

Президент Обама Усама бин Ладенди жок кылуу чарасы жөнүндө чечим кабыл алуу оңой эмес болгонун айтты. Бир четинен америкалык аскерлер арасында жоготуулар болушу мүмкүн эле, экинчи жагынан бул атайын коопсуздук чарасы эгемен Пакистанда өтмөк, - деди Обама. Бин Ладен 2-майга караган түнү Исламабаддын жанындагы Абботтабад шаарындагы үйүнөн АКШ армиясынын атайын күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG