Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

БУУ жакыр өлкөлөрдүн жыйынын өткөрүүдө


Стамбул шаарында эң кедей өлкөлөрдүн саммити өтүүдө. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жыйындын ачылышында сөз сүйлөп, жакыр өлкөлөр азык-түлүк кризисине жана ачарчылык коркунучуна туш болушу ыктымал деди. Саммитке 48 өлкөнүн лидерлери катышууда. Алар эмки 10 жылга багытталган өнүгүү планын талкуулашмакчы. Эң жакыр делинген өлкөлөрдө, БУУнун маалыматына ылайык, жылдык киреше жан башына эсептегенде 745 долларды түзөт. Бул топко Африкадан - 33, Азиядан – 14 мамлекет жана Гаити кирет.

XS
SM
MD
LG