Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:56

“Ош демилгеси” уюму билдирүү таратты


"Июнь коогалаңына байланыштуу Кыргызстандан чыгып кетишкен өзбек тектүү лидерлер жарашуу жараянынын бир бөлүгү болууга тийиш" деген билдирүүнү өткөн жылдын октябрь айында Ташкенде түзүлгөн “Ош демилгеси” коомдук уюму таратты. Аталган уюм жарашуу жараянынын башаты катары июнь коогалаңы боюнча өзбек калкынын өкүлдөрүнө бир жактуу козголгон кылмыш иштерин кыскартууну жана өлкөдөн чыгып кеткен өзбек тектүү жарандардын кайтып келиши үчүн коопсуздугуна кепилдик берүүнү сунуштайт. Уюмдун интернет булактар аркылуу тараткан билдирүүсүндө, өзбек тектүү саясий лидерлер жарашуу жараянына чакыртылышы керектиги белгиленген.

Июнь коогалаңына байланыштуу “Ватан - Родина” партиясынын лидерлери Кадыржан Батыров, Карамат Абдуллаева, Инамжан Абдрасулов жана Жалалиддин Саллахуддинов баштаган бир катар өзбек тектүү жарандар өлкөдөн чыгып кетишкен. Аларга улуттар аралык араздашууну козуткан жана куралдуу топторду түзүшкөн деген беренелер менен кылмыш иштери козголуп, сотко өткөрүлгөн.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” айыпкерлер Кыргызстанга кайтып келип, соттун алдында жооп берүүсүнө эч кандай тоскоолдук жок экендигин белгиледи. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG