Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Улуу Ата Мекендик согуштун арка жүзү


Орусиялык коммунисттер Сталиндин 130 жылдыгын белгилөөдө, 2009-жылдын 21-декабры.
Орусиялык коммунисттер Сталиндин 130 жылдыгын белгилөөдө, 2009-жылдын 21-декабры.

Экинчи дүйнөлүк согушта эң эле чоң адамдык жана каржылык жоготууга СССР дуушар болгон.

Адистердин айтымында, ушу күнгө чейин бул согушту эскерүүдө советтик жетекчиликтин миллиондордун кырылуусуна алып келген туура эмес саясаты көп айтылбай, жалаң гана жалындуу сөздөр басымдуулук кылууда.

СССР миллиондогон адамын жоготуп, миллиарддаган чыгымга учураган

Аскерий тарых боюнча Харпер энциклопедиясында көрсөтүлгөндөй, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында СССР 8 860 400 аскерин жоготкон. Тынч жашаган калктын арасынан 15 760 000 советтик жаран набыт болгон.

Салыштыра келсек - бул согушта эки фронтто, бир жагынан АКШ, Англия баштаган батыштык күчтөр, экинчи жагынан СССР менен согушкан фашисттик Германия 4 360 000 аскерин жоготкон. Тынч жашаган немис калкы арасынан 1 440 000 адам кайтыш болгон.

Экинчи дүйнөлүк согушта СССР 600 миллиард доллар, АКШ 350 миллиард, Германия 300 миллиард, Улуу Британия 150 миллиард, Франция менен Жапония 100 миллиард доллардан чыгымга учураган.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун аналитиги Азиз Исанын пикиринде, мурдагы СССРге кирген бир катар мамлекеттерде 9-майды саясий максатта пропагандалоо күч. Жаш адистин айтымында, Сталин баштаган советтик жетекчиликтин каталары айтылбай эле, тескерисинче бул күнү советтик жетекчилик макталып, советтик психология менен аскерий параддар өткөрүлүп келатат:

- Азыр биздин 9-май майрамыбыз өтө пафостуу болуп кетти. Орусиядагы жана биздеги бийлик дагы 9-майды пропагандалык курал катары пайдаланып атышат. Бул куралдын эң негизги максаты – элдин көңүлүн мамлекеттеги экономикалык, социалдык көйгөйлөрдөн алаксытып, 9-майга буруу. Ошондуктан аскерлерди чыгарып парад кылып, көбүнчө жалындуу сөздөр айтылат. Бийликтегилердин пикиринде, элдер көйгөйлөрдү байкабай, башка нерселерге көңүл буруп жүрө бериши керек...


Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин магистранты Талант Кемеловдун айтымында, СССР жетекчилери бийликтерин сактап калуу максатында миллиондогон адамдарды репрессияга кабылтышкан. Коммунисттик жетекчилердин кандуу саясатынан улам Улуу Ата Мекендик согуштун алдында өлкө алсырап калган. Советтик жетекчилер адам өмүрүн баалабай, жыйынтыкка гана кызыгышкандан улам да өлүм-житим абдан көп болгон:

- Сталин өзү согуш баштала электе эле өтө чоң репрессияларды жасаган да. Ошондо мыкты офицерлер, адистер өлүп кеткен. Ошол нерсе дагы армияны алсыраткан. Согуш болгондо СССР сандык жактан көп болсо да сапаты төмөн болуп калган. Техникалык жактан да артта калышкан. Менин оюмча, бул тоталитардык режимдин кесепети. Адам катары алар баалашкан эмес адамдарды. Отундардай эле жагышкан. Менимче, бул советтик режимдин негизги идеологиясы болгон, “канчалык адам өлсө жыйынтыкка жетели” деген нерсе да...

Жашыруун документтерде кандай сыр катылган?

Советтер союзу Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу миллиондогон документтерди жашыруун сыр катары сактап келген. Ар кыл маалыматтарга караганда, 8-10 миллионго чукул документ бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин архивинде жашыруун сыр катары сакталып келүүдө. Адистердин божомолунда, ал архивдер ачылган күнү бул согушка болгон көз караш өзгөрүшү ыктымал.

Тарыхчы, серепчи Талбылды Акеровдун айтымында, СССР жетекчилиги согуш маалында чоң-чоң курмандыктарга барып, өз элинин кыйласы кырылып калуусуна себепчи болгон. Дал ошол себептүү 9-майда согуштун жөнөкөй катышуучулары эскерилип, жетекчилердин каталары айтылуусу керек:

- Совет элинин эрдигин, каармандыгын унутпашыбыз керек. Анткени ошол кезде совет эли деген коом түзүлүп, баардыгы тең бирдей согушка катышууга аракеттенген жана эрдиктерди көрсөткөн. Совет бийлигинин репрессиялык саясаты, анын кесепеттери башка сөз...

Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Алардын 160 миңге чукулу согушта курман болгон. Бүгүнкү күнү Орусия баштаган бир катар мамлекеттерде Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиши салтанаттуу майрамдалып, ири аскерий параддар уюштурулуп, ошол кездеги советтик жетекчиликтин көрөгөчтүгү жана советтик аскердин эрдиги тууралуу жалындуу сөздөр абдан көп айтылат. Бирок эмне себептен адам өлүмү жагынан да, каржылык жактан да СССР эки-үч эсе көп жоготууларга кабылганы, эмне себептен бул согушка байланыштуу жашыруун документтер ачыкка чыкпай атканы сыяктуу жагдайлар айтылбайт.

XS
SM
MD
LG