Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Пакистан бин Ладенди катпаганын билдирет


Премьер-министр Юсуф Реза Гилани Усама бин Ладендин Пакистандын аймагында жок кылынганы өлкө жетекчилигинин алсыздыгын, же террорчуларды жаап жашырган дегенди билдирбестигин айтты. Юсуф Гилани парламентте сүйлөгөн сөзүндө №1 террорчу Абботтабад шаарындагы аскерий академиядан эки чакырымдай жерде бир нече жыл жашап турганы тыкыр иликтенерин убада кылып, Пакистан өз аскерий жана жашыруун кызматтарына толук ишенерин дагы айтты.

Премьер-министр Гилани Усама бин Ладенди жок кылган америкалык операция боюнча иликтөө жүрүп, анын жыйынтыгын аскер жетекчилери ушул ай этегинде парламентте билдире тургандыгын кошумчалады.

Буга чейин расмий Исламабад бин Ладендин кайда жашырынып жүргөндүгү тууралуу так маалымат жоктугун такай кайталап келген.

XS
SM
MD
LG