Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Сел тороп калган Ош-Баткен-Исфана жолу тазаланууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 9-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 123-125-чакырымдары шагыл таштарга толуп калган. Учурда Транспорт жана коммуникация министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу мекемеси шагыл толуп калган жолду тазалап, бир тарабын ачты. Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун Кеңеш айылында кечки тогуздар чамасында сел жүрүп, айрым турак үйлөрдүн аркаларын жана чарбалык жолдорду суу каптаган. Селдин кесепеттерин райондук жарандык коргоо комиссиясы иликтеп, тактоодо. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар болгон жок.

Кыргызстанда 5-майдан бери бир катар аймактарда маал-маалы менен нөшөрлөп жаан жаап жатат. Аба ырайын маалымдоочу борбор 10-майга дейре өлкөдө кээ бир аймактарда сел жүрүп, кыян капташы жана кар жаап, үшүк жүрүшү ыктымал экенин эскерткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG