Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

УКМК: Султановдун үйүндөгү жардыруу боюнча шектүүлөр бар


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Көлбай Мусаев депутат Марат Султановдун үйүндөгү жардыруу фактысы боюнча иликтөө иштери уланып жатканын бүгүн Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетининин жыйынында кабарлады. “Азырынча шектүү адамдар бар, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн аттары аталбайт”, - деп билдирди Мусаев.

28-апрелге караган түнү ЖК депутаты Марат Султановдун Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылындагы үйүндө жарылуу болгон. Депутаттын үйүнүн биринчи кабатындагы айнеги талкаланып, короосунда жардыргыч заттын сыныктары табылганы айтылган. УКМК Кылмыш жана жаза кодексинин "адам өмүрүнө кол салуу", "мамлекеттик кызматкердин өмүрүнө коркунуч алып келүү" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG