Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Аба ырайы


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 11-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз 3...8 градус жылуу болот.

Бишкекте 11-майда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 22...24 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG