Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Муфтият Сауд Аравияда ажылык боюнча келишимге кол койду


Муфтий Чубак ажы Жалилов Сауд Аравияда Ажы министрлиги менен 2011-жылдагы ажылык боюнча келишимге кол коюлганын “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, ажылык боюнча бүткүл дүйнөлүк уюм тарабынан өлкөдөгү мусулмандардын санына жараша ажылык сапарга барчу адамдарга квота берилет. Ага ылайык быйыл Кыргызстан үчүн 4500 орун бөлүнгөн. Жалпысынан беш келишимге кол коюлган. Жалилов башында турган Кыргызтандан барган делегация Сауд Аравиядагы Мекке, Медина, Жидда шаарларында окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен да жолугушууларды өткөргөн.

Муфтияттын төрт, Дин комиссиясынын бир мүчөсүнөн турган делегация ажылык келишимге кол койгону Сауд Аравияга 28-апрелде жөнөп кеткен. 2010-жылы Кыргызстанга 4500дөй орун берилген. Ажылык сапарды уюштуруу иштеринде коррупцияны жою үчүн быйыл бул милдет муфтиятка жүктөлгөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG