Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

Акун: Эл аралык комиссия коогалаңды ар тараптан иликтеген


Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусу тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Ал эл аралык комиссия өз кортундусунда бардык фактыларды ачык жазып чыкканын жана кагылышууда эки улуттан тең адамдар набыт болгонун белгиледи. Турсунбек Акун аймактын тарыхында биринчи жолу эл аралык комиссия иштегенин, бул Кыргызстандын демократиялык өлкө экендигин тастыктап турарын айтты.

Ошондой эле акыйкатчы комиссиянын отчетундагы “Убактылуу өкмөт адам укуктарын коргоо жана тынчтыкты камсыздоо үчүн тиешелүү чараларды көргөн эмес” деген тыянагына макул эмес. Мындан сырткары июнь окуяларын козуткан негизги фигуранттарга көңүл бурулбай, жабыркаган тарап катары бир гана улуттун өкүлдөрү көрсөтүлүп, айрым жагдайлар бурмаланып калганын белгиледи. Акундун айтымында, 700дөн ашуун адам менен маектешкен эл аралык комиссия акыйкатчы менен бир да жолу байланышкан эмес.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия ишинин корутундусун 3-майда жарыялаган. Комиссия төрагасы Киммо Килюнен июнь коогалаңы аскердик кылмыш же геноцид эмес деп билдирген. Бирок айрым жагдайларды адамга кыянатчылык кылуу деп баалоого болорун айткан. Кыргыз бийлиги комиссия берген сунуштарды ишке ашыруучу топ түзүлөрүн айтып, бирок корутундудагы айрым жерлерине каршы пикирлерин айткан болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG