Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Канн кинофестивалы старт алды


Бүгүн Франциянын түштүгүндөгү Канн шаарында 64-кинофестиваль башталууда. Фестиваль быйыл Вуди Аллендин “Түн ортосундагы Париж” деген комедиясы менен ачылат. Анда президент Николя Саркозинин жубайы Карла Бруни чакан ролду аткарат.

Калыстар тобуна америкалык киножылдыз Роберт де Ниро төрагалык кылат. Баш байге же “Алтын пальма” үчүн 20 чакты тасма ат салышып, жеңүүчү 22-майда белгилүү болмокчу.

Үй камагында отурган ирандык эки режиссердун тасмалары да сынакка катышууда. Бул ирет араб өлкөлөрүндөгү толкундоолор киночеберлердин көңүл сыртында калган жок. Тунистеги ыңкылапты баяндаган “Коркуп жашагым келбейт” жана египеттик режиссердун “18 күн” деген даректүү тасмалары конкурстан тышкары көрсөтүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG