Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Биолабораториянын курулушуна башка жер караштырылууда


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев БСЛ-3 биолабораториясынын маанилүүлүгүн белгилеп, бирок анын курулушуна башка жер караштырууну тиешелүү министрлик, мекемелерге тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылууда. Канада менен Кыргызстан өкмөттөрү бул боюнча келишимге 2008-жылы 22-августунда кол койгон. Бул лабораториянын курулушун 2011-жылы баштап, 2013-жылы бүткөрүү пландалууда. Лабораториянын курулушуна Бишкектеги Ботаникалык бактын аймактан 4 гектар жер бөлүнүп берилген.

Буга чейин жарандык коомдун айрым өкүлдөрү коркунучтуу вирустарды, штаммдарды изилдеген биолабораториянын аталган аймакка курулушуна каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Эл аралык тажрыйбада мындай жайлар ай-талаада, ээн жерлерде курулат.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарга ылайык, учурда жер боюнча бардык варианттар каралып жатат. Өзгөрүүлөр Канада тарап менен да макулдашылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG