Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 08:35

Ливия көтөрүлүшчүлөрү Мисратанын аэропортун ээлешти


Ливиядагы козголоңчулар Мисрата шаарынын аэропортун ээлеп алышканын билдиришүүдө. Өлкөнүн үчүнчү ири шаары дээрлик 2 айдан бери өкмөттүк армиянын камоолунда болуп келген. Укук коргоочулар калкы жарым миллион кишиге жеткен портто азык-түлүк, дары-дармек тартыш болгонун айтып, гуманитардык кризис коркунучу жөнүндө эскертишүүдө.
Ал аралыкта Европа Биримдиги Ливиядагы козголоңчуларга жардам берүүнү жеңилдетүү максатында Бенгази шаарында кеңсе ачууну көздөгөнүн жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG