Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Испанияда зилзалада набыт болгондордун саны өсүүдө


Соңку маалыматтарда Түштүк Испанияда зилзаладан набыт болгондордун саны бери дегенде 10го жеткени айтылууда. Шаршембиде Лорка шаарына жакын жерде 2 жолку жер титирөөдө 10 киши өлүп, ондогон адамдар жараат алды, имараттар бузулду. Удаа-удаа кайталанган жер силкинүү баш калаа Мадридде дагы сезилди.

Күчү 4.4 жана 5.2 баллдык зилзаланын очогу Мурсия аймагындагы Лорка жана Тотана шаарларына жакын жерде катталды. Испания өкмөтү бул аймакка аскердик ыкчам бөлүктү киргизди.

XS
SM
MD
LG