Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

5-каналдын журналисти сабалды


Кечээ кечки саат 10 чамасында 5-каналдын кабарчысы Самат Асипов катуу сабалган. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган каналдын башкы продюсери Алмаз Турдумаматов билдирди.

Самат Асипов
Анын айтымында, окуя Кыргыз техникалык университетине жакын жерде болгон. Кабарчы жумуштан чыгып үйүнө кетип баратканда, белгисиз үч адам ага кол салышып, катуу ур-тепкиге алышкан.

“Кол салгандар анын акчасын да, чөнтөк телефонун да, документтерин да алышкан эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза өткөрүлүүдө. Биз бул кол салууну кесиптик ишмердигине байланыштуу болушу мүмкүн деп болжоп жатабыз. Анткени Самат акыркы эки жылдан бери парламенттик кабарчылыкты аркалап келет. Мындан тышкары актуалдуу саясий, социалдык темалар боюнча материал даярдачу”, - дейт А.Турдумаматов.

Ошондой эле, Самат Асипов өзүн абдан начар сезип, ооруканага жаткырылганын, окуя боюнча Ленин РИИБине арыз жазылганын кошумчалады.

Быйылкы жылы ушуну менен төртүнчү журналистке кол салынды. Буга чейин “Алмаз” радиосунун кабарчысы Н.Кушназарова, “Тазар” интернет-басылмасынын редактору Э.Токтогулова, “Интерфакс” агенттигинин Оштогу кабарчысы Ж.Бекбаева сабалган болчу. (MTo)

XS
SM
MD
LG