Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Укук коргоочу эл аралык комиссиянын корутундусуна нааразы


Укук коргоочу бүгүн БУУнун Бишкектеги имаратынын алдына чыгып, июнь коогасын иликтөөгө алган эл аралык комиссиянын отчетуна нааразылык билдирүүдө. Өндүрүш Токтонасыров “эл аралык комиссия июнь коогасын дыкат иликтөөгө алган эмес, отчет бир тараптуу болуп калган” деп айыптоодо. Каршылык акциясына чыккан укук коргоочу БУУдан бул отчетту канааттандырарлык эмес деп таап, дүйнөлүк коомчулукка шардана кылуусун талап кылып жатат.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия ишинин корутундусун 3-майда Бишкекте жарыялаган. Комиссия төрагасы Киммо Килюнен июнь коогалаңы аскердик кылмыш же геноцид эмес деп билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG