Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

"Dе-факто" гезити кайрадан чыга баштады


Бул тууралуу “Азаттыкка” гезиттин баш редакторунун биринчи орун басары Дилбар Алимова билдирди. Анын айтымында, гезитти мурдагы жамаат кайрадан чогулуп чыгарып жатат. Бүгүн гезит 5 миң 700 нуска менен чыгып, Кыргызстандын бардык аймактарына таратылды. "Де-фактонун" жаңы санында негизинен айыл турмушуна багытталган макалалар жарык көрдү.

“Dе-факто" 2008-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин баласы менен соттошуп, 1 миллион сом айыпка жыгылган. Андан сырткары салык системасындагы коррупция тууралуу макала жарыялаганы үчүн гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобековага кылмыш иши козголуп, мурдагы президенттин тушундагы төрт аткаминердин арызы менен сот гезиттин мойнуна 4 миллион сом айып таккан болчу. Орозобекова ошол жылы коопсуздуктан улам үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. (EK)

XS
SM
MD
LG