Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Укук коргоочулар менен журналисттердин жолугушуусу


10-майда "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борборунун башкы кеңсесинде КТРК, "Биринчи радио", "Азаттык" үналгысы сыяктуу маалымат каражаттарынын таланттуу журналисттери менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда укук коргоо борбору журналисттерди жакында эле белгиленген "3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү» менен куттуктап, жана ошону менен бирге эле, укук коргоо борбору тарабынан уюштурулуп келе жаткан «Лидерликти тандайбыз» радио жана теле тренингдеринин ишке ашырылышына кошкон салымдары үчүн, жана бул аркылуу коомчулукта укуктук аң-сезимдин жогорулашына, жарандык билим берүүнүн өнүгүүсүнө түрткү берүүдөгү алардын зор эмгектерин баса белгилеп, бүгүнкү күндөгү маалымат каражаттарынын негизги булактары болгон интернет, IP технологияларын өздөштүрүү менен маалымааттын алдынкы сапка алып чыгуудагы аракеттерин колдоп, алдыдагы ийгиликтерди каалады.

Жолугушуу муну менен эле чектелип калбастан, журналисттер менен укук коргоо борборунун кызматкерлеринин ортосунда укуктук алкак жана аны чебер журналисстик көз караш менен чагылдыруу, борбор тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан «Бир Дүйнө Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалынын коомчулук үчүн натыйжалуулугу жана аны массалык маалымат каражаттары айдыңы аркылуу таасирдүүлүгүн андан ары дагы жогорулатуу, жалпы коомчулукка туура багыт берүүдөгү массалык маалымат каражаттарынын орду сыяктуу маселелердин тегерегинде кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында, укук коргоо борбору төмөнкү журналисттерди «Демократиялуу коомду курууда соз эркиндигинин, жарандык билим беруунун онугушуно кошкон салымы учун , пюралисттик, азаттык коомго жолдогон зор эмгектери учун» деген аталыштагы атайын дипломдору менен сыйлап, атайын белектерин берди:

Сабыр Абдымомунов – КТРКнын алдындагы «Биринчи радио» радиостанциясынын башкы редактору,
Борченов Урмат – «Биринчи радио» - диктор,
Ильич Куназаров - КТРК, СЕИП редакциясынын продюссери, Токталиев Мирланбек Токталиев – «Азаттык» үналгысы,
Вадим Ночевкин – «Дело №» газетасы.

Журналисттер чөйрөсүнөн кайрадан окурмандарынын назарын бурдуруп, коомчулукту сүйүндүрүп жаткан «Де Факто» газетасынын таланттуу журналисти Санжи Туйтунова бул жакшы саамалыктын күбөсү болуп кайтты.

«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору «Де Факто» газетасынын чыгармачыл жамаатын газетанын жаңы санынын кайрадан чыгарыла башташы менен чын жүрөктөн куттуктайт жана алдыда зор ийгиликтерди каалайт.

Урматтоо менен,
«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору.

Г. Жумабаева.
XS
SM
MD
LG