Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

ОшТВнын мурдагы директору президентке кайрылды


ОшТВнын мурдагы директору Халилжан Худайбердиев Кадыржан Батыровдун иши боюнча күнөөлөнүп жаткандарга карата сыртынан соттук чечим чыгарбоо өтүнүчү менен өлкө башчысы Роза Отунбаевага “Fergana.ru” сайты аркылуу кайрылды.

Кечээ, 11-майда Жалал-Абад шаардык сотунда журналисттер: Халилжан Худайбердиев жана Жавлон Мирзаходжаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өткөрүлмөк. Соттук отурум күнөөлөнүп жаткан тарап жана алардын жактоочуларысыз эле өтмөк.

Худайбердиев кайрылууда 2010-жылдын июль айында Ош мэри Мелис Мырзакматов тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болгондуктан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айтат. Өзбек журналисти ага карата улутуна карап кылмыш иши козголду деп эсептейт.

ОшТВнын мурдагы директору Халилжан Худайбердиев “мурдагы депутат Кадыржан Батыров мыйзамсыз чакырык жүргүзгөн эмес” деген июнь коогасын иликтөөгө алган Эл аралык комиссиянын отчетуна таянып, ага эфир берүү мыйзамга карама-каршы келбегенин жүйө кармоодо.

Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров өлкө башчысынын дарегине мындай кат келе электигин билдирди. (ЕК)

XS
SM
MD
LG