Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Кыргызстанга америкалык ишкерлер келишти


Кыргызстанга эки күндүк иш сапар менен Дүйнөлүк банктын мурдагы башчысы П.Вульфовиц башында турган Broad Street Group аттуу америкалык бизнес делегация келди.

11-12-май күндөрү америкалык ишкерлер өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары С.Исаков жана бир катар министрлер менен жолугушуп, Кыргызстан менен бизнес жаатында кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр өткөрдү.

Кыргыз тарап америкалык ишкерлерге өлкөдө ийгиликтүү бизнес үчүн кандай шарттар түзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди. Америкалык бизнес делегация өкүлдөрү мамлекеттик башкарууда айкындуулукту камсыз кылуу өлкөгө олуттуу инвесторлорду тартууга өбөлгө болорун белгилешти. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. (ЕК)

XS
SM
MD
LG